«Умар ибн Хаттаб» атындагы Куран жаттоо медресеси күндүзгү стационар катары берилди

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Аларча айылындагы «Умар ибн Хаттаб» Куран жаттоо медресеси күндүзгү стационар катары берилип, бейтаптарды кабыл ала баштады.

Бул демилге Төмөнкү Аларча айыл өкмөтү жана медресе устаздары тарабынан ишке ашырылды. Айыл өкмөт тараптан жергиликтүү ФАПтын кызматкерлери жана ыктыярчылар жалпы элге кызмат кылышса, медресе тараптан имарат жана керебеттер берилди.

Жалпысынан 35 орун даярдалып, имарат ичинде убактылуу дарыкана дагы ачылды. Ишке киришкен күндөн тарта бейтаптар кайрылып, керектүү жардам алышууда.

Жаңы ачылган күндүзгү стационардын дареги: Төмөнкү Алаарча айылы, Новая көчөсү 116, «Умар бин хаттаб» Куран жаттоо медресеси.