Жаңы-Жер айылындагы «Равза» Куран жаттоо медресеси 12 бүтүрүүчүнү өз уясынан учурду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» Куран жаттоо медресеси 12 бүтүрүүчүнү өз уясынан учуруп, ар бирине күбөлүктөр тапшырылды.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу иш-чара чакан топто өтүп, бардык санитардык эрежелер сакталды.

«Равза» медресеси балдарды да, кыздарды да окуткадыгынан улам, бүтүрүүчүлөрдүн жетөө балдар жана калган бешөө кыздар болду. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө Аллах алдында такыба болууну осуят кылабыз. Куран менен амал кылуусун Кудайдан сурап, амалдуу аалымдардан жана Жаратканга жакын, элине кызмат кылган инсан болуусун тилеп өтөбүз», — «Равза» медресесинин устаздары.

Эске сала кетсек, учурдагы кырдаалга байланыштуу март айынан тарта диний окуу жайлар аралыктан окутууга өтүшкөн. Жылдык экзамендери да онлайн түрүндө аралыктан болуп, устаздардын батасын, диплом жана күбөлүктөрүн алуу үчүн гана окуучулар окуу жайларына келишүүдө.