Хижаама же сактыкта кордук жок

Бисмиллаахир рохмаанир рохийм.

Пенделерине сыноо үчүн дарт жиберип артынан ага дабаасын да жиберген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун. Үммөтүнө ибаадатты да дарыланууну да үйрөткөн Пайгамбарыбызга Аллахтын рахматы жана саламы болсун.

Дарт бар экен, анын шыпаасы да бар. Бирок аны издөө керек. Издегенде да туура жайдан издөө керек. Кыргызым адатта жеңил жана арзан жолун издейт. Калаберсе дарттын алдын алуу ар жакта турсун, өз убагында дарыгерге барбайт. Жыгылдым дегенде жакындары жөлөп-таяп алпарышат.

Соцтармактарга хижаама (кан алдыруу) боюнча козу карындай жайнаган билдирүүлөргө кайдыгер карап тура албадым. Китептерден окуганым жана устаздарымдан алган насааттарымды коомчулукка билдирип кетүүнү эп көрдүм.

Бизде «кан алуу» деп аталган термин арабтарда экиге бөлүнөт.
Биринчиси, «хижаама» деп аталып, баштан кан алууну билдирет.
Экинчиси, «фасд» деп аталып, дененин баштан башка бөлүгүнөн кан алууну айтылат. Ысык өлкөлөрдө, айрыкча Арабстанда баштан кан алдыруу пайдалуу болгондуктан «хижаама» деген термин белгилүү болуп кеткен.

Ибн Аббас разияллоху анхудан риваят кылынат:
«Расуулуллах соллаллоху алайхи васаллам эхрамда болгон абалында башынын бир тарабы ооругандыктан, башынан кан алдырды». Имам Термизий риваяты

Түшүндүрмө: Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам эхрам байлап Меккеге баратып башынын бир тарабы ооруп калган. Лахяй жамал аттуу жайга жеткенде кан алуучу дасыккан адисти чакырткан. Ошондо Абу Тийба аттуу хажжаам (кан алуучу дасыккан адис) келип ал заттын башынан кан алган.

“Хажжам” деген сөз араб грамматикасынын эрежеси менен “дасыккан кан алуучу адис” дегенди түшүндүрөт. Араб грамматикасында “фаъъаал” сыйгасында (формасында) келген маани: жарай турган, күчүн сакточу; катуу таасир кылуучу, эффективдүү, активдүү дегендикти билдирет. Кесип ээлерине мына ушул форма менен айтылса жогоруда айтылгандай “дасыккан” деген мааниде болот. Маселен мал союучу адамды “кассааб”, үй салуучу-куруучу жыгач устаны “нажжаар” деп айтылат. Мына ушул кесип ээлерине бул форманы иштетилип жаткандыгынын себеби, мал союучу касапчынын дасыккан болуусу шарт. Мал союунун бүт өкүмдөрүн, эрежелерин ийне-жибине чейин билүүсү керек. Антпесе союлган малдын эти арам болуп, канчалаган мусулмандын алкымын булгайт. Алкымы бузулган мусулмандын ибадаты да дубасы да кабыл болбойт. Ошондуктан касапчылык кесиптеги адамга ушул форма иштетилген. Анын сыңарындай куруучу жыгач уста да чебер болбосо курган имаратыңыз кулап калуусу толук ыктымал. Мындай мисалдарды толтура келтирсек болот. Сөз узап кетпестиги үчүн ушул экөөсү менен гана чектелели. Андыктан кан алдырууда да “Дасыккан” деген маанини сөзсүз эске алуу керек. Демек көрүнгөн адамга эле кан алдырта берүү туура эмес. Себеби бүгүнкү күндө кан алам деген адам ушунчалык көбөйгөн, мен алып коём, деп мажбурлап колуңан сүйрөп барып алгандар канча. Чымчык сойсо да касапчы сойсун, деген сөз бекеринен айтылбаган чыгаар. Бул ишти да медицинадан же ислам медицинасынан кабары бар жана хадистерди аңдай билген, адам анатомиясын түшүнгөн киши жасаганы максатка ылайыктуу болот. Ошондуктан сак болуу керек.
Мындан дагы бир түшүнүлүүчү нерсе кан алдыруу эхрамды бузуучу амалдарга кирбейт.
Расуулуллах соллаллоху алайхи васалламдын кызматкери Салмадан риваят кылынат:
«Набий соллаллоху алайхи васаллам ким башындагы дарттан арыз кылса, кан алдыр деп айтчу. Ким бут ооруудан арызданса, кына кой дейт эле».
Түшүндүрмө: Албетте, Салма разияллоху анхаа өзү күбө болгон нерсенин кабарын берүүдө. Бул иштер жана кеңештер Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам жашап турган чөйрө, шарттар жана оорулуулардын өзгөчөлүгүнө карп, тажрыйбага таянып айтылган. Бул хадистен ар кандай эле баш оорусуна кан алдыруу, ар кандай бут ооруусуна кына коюу дабаа экен деген жыйынтык чыгарып албастык керек.

Абу Кабша разияллоху анхудан риваят кылынат:
«Набий соллаллоху алайхи васаллам башынан жана эки далысынын ортосунан кан алдырчу жана: «Ким мына ушул жеринен кан агызса, бир нерсе менен, бир нерсе үчүн дабаланбаса да боло берет», дейт эле».
Эки хадисти да Абу Давуд риваят кылган.

Түшүндүрмө: Бул сөздөн кез-кези менен аталган жайдан кан алдырып турган адам бир дартка дуушар болуу ыктымалы азаят, деген маани келип чыгат. Андыктан тээ мурда эл ичинде эрте жазда сүлүк салуу адаты болгон. Бүгүнкү күндө да бул тажрыйбаны жасагандар муну тастыктайт.

Анас разияллоху анхудан риваят кылынат:
«Набий соллаллоху алайхи васаллам моюунунун эки тарабынан жана желкесинин өйдө жагынан кан алдырчу. Айдын он жетинчи, он тогузунчу жана жыйырма биринчи күндөрү кан алдырчу».
Абу Давуд жана Термизий риваят кылган.

Түшүндүрмө: Канды кайсы жерден алдыруу да олуттуу маселе. Көрүнгөн жерден кан алдыра берүү менен көздөлгөн максатка жетишип болбойт. Мына ушул хадисте айтылгандай дасыккан адистерге тажрыйба аркылуу аныкталган жана пайдалуу экендиги тастыкталган жайдан алдырылат. Албетте, канды кайсы жайдан алууну оорулуу адам эмес, дарыгер белгилейт.
Экинчи олуттуу нерсе канды качан алдыруу маселеси. Жогорку риваятта айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам айдын «он жетинчи, он тогузунчу жана жыйырма биринчи күндөрү кан алдырат эле».
Бул нерсе өтө маанилүү. Анткени ай жердин жолдошу аны менен дайыма байланыштуу. Ай түнү жерге нур чачып турат. Айдын тартылуу күчү да жерге жана андагы нерселерге өз таасирин өткөрүп турат. Айдын мындан башка да таасирлери өтө көп. Андыктан, айдын жаңы чыккан учурдагы таасири башкача, толгондогу таасири дагы башкача жана аяктап калгандагы таасири да башкача болуусу турган сөз. Кан алуу инсандын денесинде чоң өзгөрүүлөргө себеп болуучу жараян. Демек ал ишти эң ылайыктуу шарттарда жасоо керек. Мына ошол шарттардын бири аны жасоо убактысын туура тандай билүү. Антпесе адам өмүрү үчүн кооптуу. Мисалы кан алдырууда айтылган убакытка этибар берилбесе адам түбөлүк майып болуп калуу ыктымалы көп. Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам тастыкталган тажрыйбаларга таянып жогорку риваятта айтылган күндөрдө кан алдырган. Аалымдар бул иштин хикматын аныктоо үчүн бир канча тажрыйбалар өткөрүп чындыгында аталган күндөр кан алдыруу үчүн эң ылайыктуу күндөр экендиги тастыкталган. Бул акыйкатты Ибн Каюум ал-Жазвия «Задул маъад фии хадйи хойрил ибад» аттуу китебинде кеңири баяндап берген.
Азыркы күндө бул маселеге бир аз этибар берилүүдө. Кээ бир хирургиялык операцияларды айтылган убакыттарга карап жасоого өтүлүүдө. Тез-тез «магнит бороону» болгон күндөрү жүрөк оорусуна чалдыккандар өзүн этият кылуу керектиги да уктурулууда.

Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынат:
«Набий соллаллоху алайхи васаллам: «Ким он жетинчи, он тогузунчу жана жыйырма биринчи күндөрү кан алдырса, ар бир дартка шыпаа болот», деди».
Түшүндүрмө: Албетте, кан алдырууга таандык болгон дарттарга шыпаа болот.
Набий соллаллоху алайхи васаллам шейшемби күнү кан алдыруудан тыйган жана: «Ал күн кан күнү. Анда бир саат бар, кан токтобой коёт», деп айтат эле».
Эки хадисти да Абу Давуд риваят кылган.

Түшүндүрмө: Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын шейшемби күнүн кан күнү аты менен атагандыгын аалымдарыбыз эки түрдүү түшүндүрүшөт.
Биринчиси, Кабыл Хабылды шейшембии күнү өлтүргөн. Адам баласынын каны биринчи жолу шейшемби күнү аккан. Ошондуктан бул күн кан күнү деп эсептелинет да ал күнү кан алдыруу мүмкүн эмес.
Экинчиси, аптанын шейшемби күнү инсандын каны активдешет. Эгер ошол күнү кан алдырса, каны токтобой коюу ыктымалы жогору болот.

Абдулла разияллоху анхудан риваят кылынат:
«Расуулуллах соллаллоху алайхи васаллам Исра кечеси жөнүндө айтып берди. Албетте, кайсы бир периштелердин жамаатынын жанынан өтпөйүн, үммөтүңүздү кан алдырууга буюруңуз, дешкенин ачыктап берди».

Түшүндүрмө: Бул риваяттарда кан алдырууга көп кызыктырылуусунун негизги себеби Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам жана ошол доордогу мусулмандар өтө ысык аймак деп эсептелинген Хижазда жашашкан. Алардын шарттары ошондой болуусун талап кылган.
Мен машхур сүннөт болгон хижамадан тосмокчу эмесмин. Бирок сактыкты сөзсүз эске алынса деймин.
Баарыбызга маалым, Пайгамбарыбыз жаврабга (байпакка) масх тарткан деген риваят бар. А биз болсо бул риваятты коомчулукка түшүндүргөндө айтабыз: “Пайгамбарыбыздын доорундагы жавраб (байпак) менен азыркы байпактарды (жука наскилерди) бир-бирине салыштырып болбойт. Ал доордогу жавраб деп аталган байпак, суу өткөрбөй турган деңгээлде өтө калың жана кийгенде же чечкенде байлабаса да тик турган сыпатта болгон. Ал эми азыркы күндөгү байпактарда ал сыпаттар табылбайт, андыктан аларга масх тартканга болбойт”.
Анын сыңарындай Пайгамбарыбыздын доорундагы хижама менен азыркы учурдагы хижаманын да бир топ айырмачылыктары болуп жатат. Маселен, ал доордо хижама-кан сордуруу мүйүздүн жардамы менен болчу. Азыр болсо атайын заманбап аппараттар менен болууда. Адистердин айтуусуна караганда азыркы заманбап аппараттар менен кан сордурулганда катуу сорулуп натыйжада майда тамырларды берирээк тартып териге жакындатып салат. Андан соң ага лезвия тийсе майда тамырлар кесилип кетет. Майда тамырлардын кесилгендеги зыяны тез билинбейт, жылдар өтүүсү менен зыяны чоң болот. Тагыраак айтканда шал (паралич) кылып коюусу да мүмкүн. Бул заманбап кан сордуруучу аппараттардын келгенине али көп боло элек, ошондуктан булардын зыяны билине элек.
Урматтуу мекендештер! Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, көрүнгөн эле адамга хижаама кылдыра бербеңиздер. Аңгектен качып дөңгөккө дегендей, жакшы болуп турган ден-соолугуңуздан айрылып калбаңыз, абайлаңыз!

Даярдаган: Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев.