«Жайыл Ата» мечитинин жааматы Жайыл райондук ооруканага 1 даана кычкылтек концентратор жана пульсоксиметр алып беришти


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун «Жайыл Ата» борбордук мечитинин жааматы, Жайыл райондук ооруканага 1 даана кычкылтек концентратор жана пульсоксиметр алып беришти.

Андан тышкары район ичиндеги күндүзгү стационар бөлүмдөрүндө, тез жардам бөлүмүндө жана райондук ооруканада кызмат өтөп жаткан 60дан ашуун медицина кызматкерлерине түшкү ысык тамак уюштурулду. Бул тууралу Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев билдирди.

Иш-чара «Жайыл Ата» борбордук мечиттин жааматынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюштурулуп, аты аталган аппараттарды Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев тапшырды.

«Элибиздин биримдигине, кайрымдуулугуна чет мамлекеттер суктанып жатат. Мындан да оор заманда, мындан да оор учурлардан элибиз кайрымдуулугу менен жеңишке жетип келген. Учурдан пайдаланып өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күн-түн дебестен талыкпай эмгек кылып жаткан дарыгерлерге, ыктыярчыларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бут күндөр да өтөт. Ал эми сиздердин элге кылган кызматыңыдардын үзүрүн дүйнөдө да, Кудай Тааланын алдында да көрөсүздөр», — деп баш имам хатиб ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле элибиздин башына ушундай кыйынчылык келип турган учурда, кайдыгер болбой жардам колун сунган мекендештерибизге, Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Шаршебүбү Куттубаева өз ыраазычылыгын билдирип, жалпы журтка амандык тиледи.