Баткенде имамдардын демилгеси менен «Боорукердик» штабына 26 230 сом акча каражаты берилди

Баткен шаарынын Базар Башы квартылынын жашоочуларынын атынан, шаардагы «Өсөр Ата» мечитинин имамы Манас Ысманов жана «Базар Башы» мечитинин имамы Жаныбек Тажибаевдин демилгеси менен 26 230 сом акча каражаты чогултулуп, убактылуу уюшулган «Боорукердик» штабына тапшырылды.

«Элден айланса болот, берген каражатыңыздарды Алла Таалам кабыл кылган болсун. Пайгамбарыбыз өз осуятында «Садака балээден кайтарат» деп айткандай аткарган жакшылыктарыбыз себептүү Жараткан бизди түрдүү оору, кырсыктардан сактап, таажы илдетинен тез күндө арылтып, элибиз аман, жергебизде тынчтык болуусун тилейбиз»,-дешет имамдар.

Ал эми «Боорукердик» штабы жардам колун сунган мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, бул илдетти биримдүүлүк менен гана жеңүүгө боло турганын белгилешти.