Бакай-Ата районунда түлөө өткөрүлүп, союлган малдын эти дарыгерлерге таратылды

Бүгүн, 16-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районунда жайгашкан “Бакай-Ата” медресесинде жергиликтүү жаштарынын демилгеси менен учурдагы кырдаалдан улам элибиздин амандыгын, оору сыркоодон алыш болушун Жараткан Алла Тааладан тилеп, Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

Иш-чарага Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, Бакай – Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов, Бакай – Ата районунун баш имам хатиби Үсөн Жороев, айылдын имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Түлөөгө бир бодо мал союлуп, анын эти күнү– түнү элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштеп жаткан медицина кызматкерлерине, муктаж үй – бүлөлөргө таркатылды.

“Болуп жаткан илдет Жараткан тарабынан бизге берилген чоң сыноо. Мындай сыноолор буга чейин болуп келген жана боло берет. Биз мусулмандар ушундай учурда дүрбөлөңгө түшпөй бири —  бирибизге көмөктөшүп, Аллах Таалага кылган иштерибизге тообо кылып турубуз керек. Жараткан пенделерине берген илдеттин сөзсүз шыпаасын берет. Сактанганды Кудайым сактайт демекчи Өкмөт тарабынан берилген тартиптерди бекем сактап, санитардык эрежелерге баш ийип, тазалыкты сактасак илдети Кудай буйруса жеңип кетебиз”,-деди Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы.