Бишкек казыяты тарабынан элибиздин аманчылыгын тилеп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 17-июль күнү Бишкек шаардык казыяты жана Тынчтык конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечитинин жамааты эли-жерибизге аманчылык, тынчылык жана балээ кырсыктардан узак болушун тилеп, түлөө өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов катышып, батаа кылды.

Ал өз сөзүндө: «Аллах Тааланын сыноосу экен. Бул күндөр менен жалпы адамзатты, анын катарында Кыргызстаныбызды да сыноого алып жатат. Аллахтан кечирим сурап, тообо кылып көп көп акыреттик иштерди жасайлы. Бул абал «менин айымдан болуп жатат» деген ой менен тообо кылалы. Мына канчалаган бир туугандарыбыз, дамыллаларыбыз кайтыш болуп кетти. Аллах баарыбызды кечирсин. Аллах Таала бул абалды жеңил кылып, аман эсен кадимки жашообузга кайтарсын»- деди Эрназар ажы.