Бишкектин Борбордук мечити санитардык эрежелерди так сактоо менен иш алып барууда

Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарындагы Борбордук мечит санитардык эрежелерди так аткаруу менен иш алып барууда. Ибадат үчүн келген ар бир жарандын ден соолугуна кам көрүү, ооруудан сактануу максатында дене табы өлчөнүп, дезинфекциялоо иштери жасалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди.

«Мечиттерди колдон келишинче таза жана санитардык эрежелерге баш ийүү менен карашыбыз абзел. Аллах Таала сактанганды сактаптыр-деп коюшат эмесми. Анын сыңары сактык чараларына өтө көңүл бурушубуз зарыл»- деди ал. 

Эске сала кетсек, Борбордук мечитте беш убакыт намаздар ачык тосмонун астында окулуп жатат.