Ысык-Ата районунда бодо мал союлуп, эти дарыгерлерге таратылды


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда бодо мал союлуп, анын эти Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка, Садовое, Кең-Булуң, Чолпон жана Гидростроитель айылдарында, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, район ичинде элге кызмат кылып жаткан 30 дарыгерге таратылды.

Бул иш-чара Ысык-Ата хатибиятынын демилгеси менен ишке ашып, ага өз аттарын атагысы келбеген, кайрымдуу мекендештерибиз демөөрчүлүк кылышкан.

Союлган малдын этин дарыгерлерге Ивановка жана Кең-Булуң айыл аймактарынын башчылары менен бирге, «Амир» мечитинин Имамы Идир Юбуров жана «Нур-Ислам» мечитинин имамы Фадик Лиров тапшырышып, медицина кызматкерлерине ыраазычылыктарын билгизишти.

«Ким элдерге рахмат айта албаса, ал Аллахка да шүгүр келтире албайт» деп Пайгамбарыбыз осуяттарында баса белгилеген. Ошондуктан, учундай кыйын учурда өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, эл үчүн кызмат кылып жаткан дарыгерлерибизге ыраазычылык билдирдик. Кудай Таалам жалпы журтту ушул жаман илдеттен арылтып, ооруп жаткандарга шыпаасын берип, көз жумгандарды ӨЗ мэримине алсын», — деди Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков.