Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Муфтият Чубак ажынын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр

Бүгүн, 17-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте мурдагы Азирети Муфтий, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун үй-бүлөсүнө зыярат кылып, 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу болду. Чубак ажыбыз бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чубак ажы Жалиловдун балдарын кайраттуу болуп, атадан калган илим жолун улантып, элге, жерге жана мекенге кызмат кылган чыгаан атуулдардан болууга чакырды. Ошондой эле Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.