Россиядагы мекендештерибиз 60 атайын форма жана зарыл болгон медициналык каражаттарды жөнөттү

Бүгүн, 17-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев КМДБга 60 атайын коргонуучу форма, 50 даана KN95 респиратор маскасын, дары-дармек сактоочу муздаткыч, антисептикалык каражаттарды жана 45 миң сомду кычкылтек концентраторун алуу үчүн тапшырып берди.
Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кайрымдуулук колун сунган Россия Федерациясындагы мекендештерибизге өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, мындай учурда бир денедей болуп, элибиздин ден соолугу үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Москва, Чита, Якутск шаарындагы мекендештерибиз өз жардамдарын мекенибизге жөнөтүштү. 60 атайын коргонуучу форма жогорку сапатта болсо, 50 респиратордук маска, 1 дары сактоочу муздаткыч, антисептикалык каражаттарды жана 45 миң сомду кычкылтек концентраторун алуу үчүн тапшырып бердик»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.