Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев маркум Искендер ажы Калмуратовдун үй-бүлөсүнөн кабар алды

Бүгүн,  19-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Искендер ажы Калмуратовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакын санаалаштары менен бирге 40 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Искендер ажы  менен 1992-жылы таанышкан элек. Абдан тырышчаак, боорукер, жүрөгү жумшак, кайрымдуу жигит эле. Уулу Умар  мына минтин бой жетип калды. Уулум Умар!  Жакшы окуп, билимдүү бол! Дайыма ата-энеңдин атын даңазалап, кыргыздын атын алыска тааныткан азаматтардан болуп чоңой»,-деди Азирети Муфтий.

Андан соң Алла Тааланын сөзү болгон ыйык Куран окулуп, Искендер ажы Калмуратовдун арбагына багышталып дуба кылынды.