Кадамжайдагы мечитте пандемияга карабай алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылындагы “Молдо Мурзакан” мечитинин имам хатиби Айбек Кузибековдун айтымында, айыл тургуну Мирлан Анаркуловдун “Кыш камылгасын жазда көр” деген ата бабаларыбыздын сөзүн жерге таштабай, өз каражатына айылдагы муктаж 6 үй-бүлөгө жана мечиттке  баасы 16500 сомду түзгөн 65 кап көмүр менен камсыздап берди.

Ал эми Данияр Ботобаев атуу айыл тургуну достору менен “Молдо Мурзакан” мечитин оңдоп-түзөөгө 9000сом каражат жана 1500 кг цемент алып беришкен.

“Айылыбызда ушундай берешен, жоомарт ага-инилерибиз бар, биз алар менен сыймыктанабыз. Алла Таалам өмүрлөрүн узун, берекелүү кылсын, эки дүйнө бактылуулугун берсин. Бул азаматтарды тарбиялап өстүргөн ата-энелеринен Аллах ыраазы болсун,” –деди айылдын имамы Айбек Кузибеков.