«Биримдик Токмок» жана Токмок хатибияты дарыгерлер менен бейтаптарга ысык тамак уюштурушту

 
Чүй облусуна караштуу Токмок хатибияты «Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин жааматы менен биргеликте дарыгерлер менен бейтаптарга ысык тамак уюштурушту.

Иш-чара алкагында эки түрлүү тамак даярдалып, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына, Чүй облустук ооруканага жана күнү-түнү иштеп жаткан шаар ичиндеги стационарга, жалпысынан 100 дарыгер жана 300 бейтапка ысык тамак берилди. Бул туурасында Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди.

«Кимде-ким өзгөнүн көңүлүн жылытса, Жараткан Зат анын көңүлүн кайыптан жылытат деп риваяттарда айтылып келет. Ушундай кыйын учурда бири-бирибизге камкордук кылуу, биригүү менен жеңишке жетебиз. Жакшылык кылгандардын иш-чарасын Кудай Таалам кабыл кылсын. Буюрса кайрымдуук иш-чарабыз токтобостон улана бермекчи», — деп Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.