Сары-Камыш айылында элибиздин амандыгын, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү

Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылында учурдагы кырдаалдан улам элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл имамы Талгат Туйбаев билдирди.

Имам айыл тургундарын ынтымака, биримдике, сабырдуулука чакырып, ибадат-амалдардын кабыл болуусу туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле айыл тургуну Сагынбек Үмөталиевдин демөөрчүлүгү менен Жараткандан амандык-тынчтык сурап, ар кандай илдет-дарттан, кырсыктан элибиздин сак-саламат болуусун тилеп, курмандык чалды.

“Куттуу хадисте айтылгандай, садака 70 түрдүү балээни кайтарат. Аллах жолуна садака кылуу, курмандык чалуу, бул- ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Эң негизги максатыбыз Жараткандан элибиздин-жерибиздин амандыгын, тынчтыгын сурап, учурдагы кырдаалдан жеңил өтүп кетүүнү сурап, дуба кылуу”,- дейт айыл имамы Талгат Туйбаев.

Курмандыка союлган эт,  аталган айылда жашаган жардамга муктаж, жетим-жесир, аз камсыз 80 үй-бүлөгө таратылып берилди.