Чымкоргон айылындагы «Мухаммад Саир» мечити күндүзгү стационар катары берилди

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Чымкоргон айылындагы «Мухаммад Саир» мечити бейтаптарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары элге берилди. Бул тууралу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшеев билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара айыл өкмөт жана айыл жаштары тарабынан демилгеленип, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалды.

«Кудайым буюрса ушундай ынтымак, биримдик менен алдыга жыла турган болсок, тез аранын ичинде өнүккөн мамлекеттердин арасына киребиз. Бул илдет менен бардыгыбыз жапатырмак күрөшүп жатканыбыз башка мамлекеттерди суктандырып жатат. Ушунубуздан эч качан жазбайлы! Чымкоргон жаштарына денсоолук каалайбыз. Жакшы ишти демилгелеп чыгышты. Хатибият тарабынан да бул иш-чара колдоого алынып, стационар катары колдонууга уруксат берилди», — деди баш имам хатиб.

Эске сала кетсек, июль айынын башынан тарта диний окуу жайлар жана мечиттер кырдаалга байланыштуу күндүзгү стационар катары бериле баштаган.