Москвада эмгектенген Баш-Кайың айылынын тургундары өз айылына жардам беришти

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары, тагыраагы Москва шаарында эмгектенген мекендештер өз айылына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Маалым болгондой, Баш-Кайыңды айылынын тургундары учурдагы кырдаалга байланыштуу дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча жүз миң сом каражат чогултушуп, айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна өткөрүп беришкен.

«Бүгүнкү кырдаалды көрүп, жөн карап тура албадык. Москва шаарында иштеп, эмгектенип жүргөн ушул айылдын тургундары айылдык ФАПка дем алуучу бир кычкылтек концентраторун жана бүгүнкү күндө өтө зарыл, керек болуп жаткан дары- дармектирин алып беришти. Жалпысынан жүз миң сом каражат чогултулуп айылга керектүү жабдыктар алынып келинди. Кырдаалга кайдыгер карабаган, демөөрчү болгон ага-эжелерибизге ыраазычылык билдиребиз»,- деди баш имам хатиб.