Москвадагы жеке кайрымдуу инсандар 2 дем алдыруучу аппарат жана дары-дармектерди беришти

Бүгүн, 21-июлда Бишкекте Москвада эмгектенген жеке кайрымдуу инсандар 2 дем алдыруучу аппарат жана зарыл болгон дары-дармекти Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына өткөрүп беришти.

Бул каражаттар обсервацияда дарыланып жаткан бейтаптарга таратылмакчы.

Муфтият кайрымдуулук колун сунган мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, ушундай оор кырдаалда дары-дармекке муктаж болуп жаткан момун мусулмандарга табылгыс жардам экенин белгилешти.