Кара-Сууда имамдардын демилгелери менен кычкылтек концентраторлору менен медициналык каражаттар сатылып алынды

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен районго караштуу Сарай айылдык аймагындагы Эркин жана Киров айылдарында, Шарк айылдык аймагына караштуу Сармазар айылында COVID-19 инфекциясынан жабыр тарткан бейтаптарга жардам берүү максатында кычкылтек концентратору менен медициналык каражаттар сатылып алынып, жергиликтүү ооруканаларга тапшырылды.

Мында Сарай айылдык аймагындагы Эркин айылынын имамы Турдубаев Асилбек жамааты  менен 1 кычкылтек концентратору, 6 медициналык форма, 1  тепловизор, 100 даана беткап, 2 танометр жана медициналык дары-дарметктер сатылып алынды. Ал эми Киров айылында Умар мечитинин имамы Данияр уулу Тайир мечит жамааты менен 1 кычкылтек концентратору менен даары-дармек алып беришти. Ошондой эле Шарк айылдык аймагындагы Сармазар айылынын имамы Нишанов Рахимжан жамааты менен 1 кычкылтек концентратору жана андан сырткары 24 бейтапка бир эле учурда дем берүүчү кычкылтек концентраторун сатып алып беришти.

«Биздин имамдар дайыма жакшылыкта жарышып келет. Карантин учурунда да Кара-Суу району боюнча имамдардын демилгелери менен 5000000 сомдон ашуун жардам көрсөтө алдык. Эми болсо медициналык каражаттарды сатып алышууда. Кызмат көрсөткөн бардык жарандарыбыздан, анын ичинде имамдарыбыздан Аллах ыраазы болсун. Иш-чара азырынча Сарай жана Шарк айылдык аймактарында жүзөгө ашырылды. Буюрса башка айылдык аймактарыбыздан дагы күтөбүз», — деди Абдирашит ажы Батыров.

Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммамсы 330300 (үч жүз отуз миң үч жүз) сомду түздү.