Кызыл-Суу айылынын жаштары элдин саламаттыгы үчүн бир катар сооп иштерин жасашууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын жаштары, райондук хатибият менен бирге демилге көтөрүп, эл үчүн кызмат кылышууда. Бул туурасында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.   

“Бүгүнкү күндө биз, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, биримдик-ынтымака үндөп, биргеликте илдетке каршы күрөшүүнү чечип, айыл жаштары элибиздин сак-саламаттыгы,  амандыгы үчүн кызмат кылууну чечтик”,- деди Талантбек Акылбек уулу.  

Учурда күн-түн дебей жалпыбыздын ден соолугубуздун коопсуздугу үчүн иштеп жаткан Жети-Өгүз райондук ооруканасынын жамаатына, ыктыярчылар тобуна жардам катары 1 бодо мал союлуп, анын эти дарыгерлердин 3 маал тамагына жумшалууда.

Ушуну менен катар, айыл жаштары тарабынан чогулган 200 000 миң сомго, бүгүнкү күндө эң зарыл болгон дары-дармектер жана дем алдыруучу аппарат алынып, дары-дармектер врачтын көрсөтмөсү менен акысыз таратылууда.