Ат-Башыда демөөрчүлөр тарабынан бодо мал союлуп, эти дарыгерлер таратылды

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында демөөрчүлөр тарабынан бодо мал союлуп, анын эти медицина кызматкерлерине таратылып берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 22-июль күнү Ат-Башы районунундагы борбордук мечиттинде кайрымдуу адамдардын жардамы менен бир бодо мал союлуп, ооруканада иштеген кызматкерлерге таратылып берилди. Мал союуга Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жана анын орун басарлары, Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгери Илим Бейшеналиевич катышты.

«Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу кайдыгер карабаган жарандарыбыз демөөрчү болуп бодо мал алып беришти. Бодо малдын этин ооруканада күнү-түнү эл кызматында иштеген медицина кызматкерлерине таркатып бердик. Демөөрчү болгон байке-эжелерибизге, райондун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Кудайым буюрса бүгүнкү ооруп жаткан бейтаптар эртерээк сакайып кетүүсү үчүн, элибиздин амандыгын тилеп, бата кылдык»,- деди баш имам хатиб.