«Калыс Ордо» конушундагы медициналык пункка дары-дармектер жеткирилди

22-июлда Бишкек шаарындагы «Калыс Ордо» конушунда жайгашкан «Латифа» мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин демилгеси менен жаңы конуштун медициналык пунктуна 116 980 сомдук медициналык каражаттар сатылып алынып, жеткирилип берилди.

Мындай кайрымдуулук иштерин Нурбек ажы жыл бою уюштуруп келе жатат. Анын айтымында, мечиттин атайын жардам фонду уюштурулуп, ай сайын муктаждардан кабар алып, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет.

«Биз жергиликтүү жамаатка кайрылып, ушундай кырдаалда бири-бирибизге жардам берели. Ар ким колунан келгенин берсин. Көп түкүрсө көл болот эмеспи-деп жарыя кылганбыз. Берешен элибизден айланып кетсе болот. Мына бүгүн өз конушубуздун дарыгерлерине колдон келген жардамды бердик. Ылайым эле эч ким оорубаса экен деп Аллахтан тилеп жатабыз»,-деди Нурбек ажы Исманалиев.