Ак-Талаада баш имам хатибдин демилгеси менен түлөө өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында топоз союлуп, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдагы борбордук мечитте 1 баш топоз союлуп, иш-чарага катышкандар бейтаптардын тез сакайып кетишин жана элдин аман болушун тилек кылып, дуба кылышты.

«Элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүү боюнча демилге көтөрдүм. Көтөргөн демилгемди Баетов айылынын жаштары колдоп, каражат чогултуп, 1 баш топоз алып беришти. Топоздун эти жардамга муктаж 40 үй-бүлөгө таратылып берилди», — деди баш имам хатиб

Түлөөгө дарыгерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.