Бишкек шаардык Борбордук мечити №1-шаардык клиникалык оорукананын 51 кызматкердин ар бирине 3 000 сомдон акчалай жардам берди

Бүгүн, 23-июль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин атынан №1 шаардык оорукананын 51 кызматкерине 3 000 сомдон жана 100 даана N95  тибиндеги бет каптарды жардам катары жеткирип берди.

Бул  иш-чарага Бишкек шаардык казыятынын өкүлү Муктарбек ажы Джусупбеков жана жеке ишкер Сталбек Акматов катышып, медицина кызматкерлеринин жасаган кызматы өтө маанилүү экендигин айтып өттү. 

«Негизи Исламда жардам берүү садака кылуу деген жашыруун болгону сооптуураак болот. Купуя жасалганы жакшы. Бирок биздин аалымыбыз Чубак ажынын айткан сөзү бар эле: «Мындай учурда садака жария башкача айтканда башкалардын да үлгү алып жардам кылуусуна түрткү болуу үчүн садаканы ачыктан берсеңер жакшы болот»-деген. Ошондуктан мындай иш-чараларды уюштуруп, элге жарыялап жатабыз»,-деди Муктарбек ажы.