Бишкектин «Алтын Казык» жаңы конушунда түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 24-июлда Бишкек шаарындагы «Алтын Казык» жаңы конушундагы «Жаннат» мечитинде имамдын демилгеси менен кичи баш жандык союлуп, түлөө өткөрүлдү.

Анда эли жерибиздин тынчтыгы, элибиздин саламаттыгы үчүн дуба кылынып, эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.  Бул тууралуу мечиттин имамы Абдулфаяз Коххоров буларды билдирди.

«Учурда пандемия деп бүтүндой жер жүзүнө, анын ичинде Кыргызстаныбызга тараган аты жаман вирус оорусу батыраак элибизден узак болсун деген тилек менен кан чыгардык. Аллах Таалам түлөөбүздү кабыл кылсын. Ар бир мусулманга сак саламат өмүр сүрүү насип эткен болсун»,-деди Абдулфаяз Коххоров.