Бишкек шаарынын казыяты Урология борборундагы дарыгерлерге акчалай жардам көрсөттү

Бишкек шаардык Борбордук мечитинин атынан Республикалык Урология борборунда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлерине 20 000 сомдук акчалай жардам жана 100 даана N95 типтеги беткаптар тапшырылып берилди.

Бул кайрымдуулук иш-чарасы Бишкек казыятынан  Муктарбек ажы Джусупбеков жана жеке ишкер Сталбек ажы Акматов тарабынан ишке ашырылды. 

«Эли жерибиздин аманчылык, саламаттыгы үчүн ар бирибиз кам көрүшүбүз керек. Биз да колдон келишинче дарыгерлерге колдоо көрсөтүүнү туура көрдүк. Мындай кездерден ынтымак биримдик жана бири-бирибизге көмөктөшүү аркылуу чыгып кете алабыз»-деди Сталбек ажы.