Бишкек шаардык Борбордук мечитинин айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бүгүн, 24-июлдан тартып Бишкек шаардык Борбордук мечитинин айланасындагы эски асфальт алынып, ордуна жаңысы төшөлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди.

Анын айтымында, 2-3 күндүн ичинде мечиттин айланасына жаңы асфальт толугу менен төшөлүп бүткөрүлөт.  

«Мечиттер-Аллах Тааланын үйү болуп эсептелет. Мусулмандар эч качан кароосуз абалда калтырган эмес. Ибадат кылуу менен бирге мечиттин тазалыгын жана абалын ар дайым таза кармап келишкен. Аллах ыраазычылыгын издеген бир тууганыбыздын аракети менен мына мечитибиздин айланасы асфальтталып жатат. Аллах ар бир жандын жашыруун да, ачык да кылган дубаларын кабыл кылган болсун. Жалпысынан бир кишинин демилгеси менен 200 жүз миң сомдон ашуун каражатка бул иш жасалып жатат»,- деди Эрназар ажы.