Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Москва шаарында түлөө өткөрүлдү

25-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев баш болуп, Москва шаары жана Москва облусундагы жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда түлөө өткөрүлдү.

Түлөөгө Кыргызстандын Россиядагы өкүлү Аликбек Жекшенкулов, Миграция кызматынан Орусиядагы өкүлдөрү Бейшенов Майрамбек Доорбек Абдразаков, ИИМдин Орусиядагы өкүлдөрү Жанбаев Нурлан, ИИМдин КМШ өлкөлөрү боюнча өкүлү Аскат Алиев, Кыргыз Диаспорасынын аксакалдары, Кыргызстандын жети бурчунан Москвада эмгектенген мекендештердин катышуусунда өткөрүлдү.

Түлөөгө бодо мал союлуп, анын эти мекендештерге таратылып берилди.