Медреселер кесип үйрөткөн жабдууларды алышат

Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы алты медресеге жакынкы күндөрү жаштарга кесип үйрөткөнгө шарт түзө турган жабдуулар алынып берилет. Булар мисалы ашпозчу, электрик, ширетүүчү адистиктерин үйрөткөн жана компьютерди кеңири колдонууга шарт түзө турган жабдуулар.

Тактап айтканда медресенин имаратындагы бир бөлмө атайын кесип үйрөтө турган кабинет катары жасалып, керектүү шаймандар менен жабдылат. Медреседе окуган жаштар топ-топко бөлүнүп, кезектешип кесип үйрөнүп чыга беришет. Аларга кыска мөөнөттүү кесиптик курсту бүткөнү тууралуу расмий сертификат берилип, кийин ошол документ аркылуу жумушка да орношо алышат. Жабдууларды сатып алуу боюнча жарыяланган тендер соңуна чыгып, жабдууларды окуу жайларга жеткирүүгө аз калгандыгын “АВЕП” коомдук фондусунан кабарлашты.    

Медреседе окуган  жаштарга кесип үйрөткөн социалдык долбоордун алкагында ушул учурда Кыргызстанда жалпысынан 34 медреседе кесип үйрөткөн окуу курстары ачылган. Азыр өлкө аймагында пневмония күчөп жаткандыктан улам окуу сабактары башталбай турат. Жагдай мурдагы калыбына келсе эле кайрадан окуу процесси уланат. Жаштарга кесип үйрөткөн социалдык долбоорду ишке ашырууга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2015-жылдан берки аралыкта 10 млн сомдон ашык гранттык каражатын сарптаган. Бул жолку жабдууларды дагы медреселерге толугу менен ушул элчилик алып берип жатат.

Кесип үйрөтө турган жабдууларды ала турган медреселердин тизмеси:

“Ала-Тоо” медресеси – тигүүчү кесибин үйрөтөт.

“Мааткабыл уулу Шаршенбай” медресеси – компьютерди кеңири үйрөнүүчү адисти даярдайт.

“Али ибн Абу Талиб” медресеси – “ширетүүчү” курсун окушат.

“Молдо Табылды” медресеси – ашпозчулукту үйрөтөт.

“Муслима” медресеси – тигүүчү кесибин үйрөтөт.

“Имам Тирмизий” медресеси — тигүүчү кесибин үйрөтөт.