Чоң-Жаргылчак айылында заманбап шарт менен жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Жети -Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак айылында учурдун талабына ылайык шартта салынган жаңы мечиттин ачылышы болду.

Мечит “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен салынып, анын ачылышына жергиликтүү тугундар жана дин кызматкерлери катышты.

Бүгүн айылыбызда чоң иш-чара болуп олтурат. Анткени заманбап шарты менен мечит, балдарды окутуу борбору, ФАП менен чогуу ачылып жатат. Бул жайда элибизди туура жолго салып, жаштарыбыздын адеп-ахлагын өнүтүрүүдө чоң өбөлгө түзөт деген ойдомун. Соопчулук ишине кол сунган демөөрчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем»,-деди айыл имамы Кылычбек Базарбаев.

Жергиликтүү эл дагы бир ооздон айылда элдин социалдык имараттардын салынышын ынтызарлык менен кабыл алганын жашырган жок.