Бишкектин борбордук мечитинин килемдери толугу менен дезинфекцияланып, тазаланууда

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечитке  намаз окууга келген жарандарга шарт түзүп берүү максатында мечиттин намаз окулуучу килемдери толугу менен тазаланып баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чарага кайрымдуу жарандар өз салымын кошкон.  

«Учурда беш убакыт намаз мечиттин короосунда эле окулуп жатат. Мечиттин ички тараптары жабык бойдон. Учурдан пайдаланып килемдерди толугу менен тазалап чыгууну ниеттенип турабыз. Салым кошкон ар бир мусулмандан Аллах ыраазы болсун!»- деди Эрназар ажы.