![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/07/dsc_6781_4_2-1024x683.jpg)
Урматтуу момун мусулман бир туугандар, мекендештер! Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 31-июлундагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз.
Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы.