Бишкек шаардык казыяты 31-июль Курман айт күнү «Курбандык» иш- чарасын өткөрөт

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты шаардык Борбордук мечитте 31- июль күнү «Курбандык чалуу» иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 28- июль күнү Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди.

Анын айтымында, Курбандык чалууну каалаган шаар тургундары казыятка кайрылып, казыят менен биргеликте Курмандык чалса болот. Союлган малдын эти муктаждарга таркатылып берилет.

«Шаар тургундарынын ичинен мечит аркылуу Курбандык чалууну ниет кылгандар чыгып жатат. Ошолор биздин мечит кызматкерлерине кайрылып, биргеликте кызмат кылалы деп турабыз. Келе жаткан Курман айтыңыздар маарек болсун»,- деди Эрназар ажы.

Курмандык чалууну ниет кылгандар төмөнкү номерлерге байланышса болот: whatsapp: 0776337745, 0700337745, 0554337745 (Элсом)