Кара-Сууда 50 орундуу эки медресе бардык шарты менен күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-суу районуна караштуу Нариман айылдык аймагындагы «Абдурахман ибн Авф» жана «Абу Ханифа ан-Нуьман ибн Сабит ал-Куфи» медреселери бейтаптарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилди.

Аталган стационарда жаткан бейтаптарга дин кызматкерлери эбегейсиз чоң салымдарын кошо алышты.

Алсак, «Ал-Худа» Мечитинин имамы Рамазанов Мурадилло жамааты менен жана Нишанов Бактияр ажынын демилгеси менен Жараткан Алланын ыраачылыгы үчүн төмөндөгү жардамдар берилди:

  1. Төрт даана кычкылтек концентратор
  2. Бейтаптарга керектелүүчү даары-дармектер
  3. Өз өмүрүн тобокелге салган 10 дарыгердин ар бирине 5000 сомдон акчалай жардам
  4. Дарыгерлерге эки маал тамак-аш

«Медреселер бейтаптарга күндүзү стационар катары пайдаланууга берилди. Учурда бейтапдарды кабыл алынып, дарылынап үйлөрүнө кайтууда. Аллах Таала Маида сүрөсүнүн 2- аятында «( Эй, момундар) жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле» деп айткан. Оор мезгилде бейтаптарга жардам берген даарыгерлерге жана мечит, медресе кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Көрсөтүлгөн жардамдардын жалпы суммасы 300000 сомду түздү.