Ош шаарында дарыгерлерге медициналык каражаттар тапшырылды

Кечээ, 29-июль күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин тапшырмасынын негизинде «Молдо Шакир» мечитинин имамы Рыскелди уулу Кыял ажы Кудайберген унаа тетиктер базарынын сатуучулары менен бирге дарыгерлерге үчүн медициналык каражаттар тапшырылып берилди.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Амир Тимур МАБ нын жетекчиси Хамидулла Исмаилов  жана МАБтын кызматкерлери катышты.

«Учурда элибиз аты жаман оору менен алышып жаткан чакта мындай кырдаалда баарыбыз жапа тырмак киришип, дарыгерлерге колдоо көрсөтүп турушубуз керек. Күнү-түнү иштеп жаткан медайымдардын эмгеги эч убакта көз жаздымда калбайт. Ар тараптан колдоого даярбыз»,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, «Молдо Шакир» мечитинин имамы Рыскелди уулу Кыял ажы буга чейин борбордук обсервацияга 200 миң сомдук жардам уюштурган эле.