Бишкекте «Аза күтүү» күнүнө карата Борбордук мечитте маркумдарга багышталып Куран окулду

Бүгүн, 30- июлда Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза тапкан маркундарды эскерүү максатында өлкө аймагында «Аза күтүү» күнү деп жарыяланган. Бул эскерүү күнүнө карата Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте Куран окулуп, маркумдарга сообу багышталды.

Курандын нуру менен Аллах Тааладан  эли жерибизге тынчтык, аманчылык тилеп дуа кылынды.

«Аллах Таала бардык маркумдарыбызды ырайымына алсын! Кечирим кылсын. Сыркоолоп жаткандарга шыпаа берсин. Жалпы дүйнөнүн үшүн алган вирус эртерээк элибизден алыс болсун. Элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун!»,-деп Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов бата кылды.