Ак-Талаа районунун айылдарына курмандык чалууга акча каражаттары берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айылдарына Муфтият тарабынан берилген акчалай каражаттар айыл өкмөттөргө таратылып берилди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, кечээ Ак-Талаа районунун хатибияты тарабынан 13 айыл өкмөткө, Муфтияттан келген 130 000 сом аманатты тапшырды. Ар бир айыл өкмөткө курмандык чалуу үчүн 10 000 сом бөлүп берди.

«Кудай буюрса курман айт майрамына карата бардык айыл өкмөттөрдө, кан чыгарылып мал союлат. Союлган малдын эттери, муктаж үй-бүлөлөргө тартылып берилет. Жараткан Аллах курман айт күнү чалынган курбандыктарды кабыл кылып, элибизди оору, сыркоодон алыстаткан болсун»,-деди баш имам хатиб.