Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун куттуктоосу

Баткен облустук мусулмандар казыятынын атынан Кыргыз элин, Кыргызстан мусулмандарын ыйык Курман айт майрамы менен чын ыкластан куттуктаймын. Курман айтта мүмкүнчүлүгү жеткендер үчүн бир жандыкты курмандыкка чалуусу (важип) сооптуу амалдардан.

Алла Таала Куранда Жараткан үчүн намаз окууга, курмандык чалууга буйруган. Курмандыкка кой, эчки, уй, төө жандыктары союлат.
Бул майрамды чыныгы майрамдык маанайда өткөрүү, урушкан адамдарды жараштыруу, бири-бирине адеп-ахлак менен, адамгерчилик менен мамиле жасоо, Кудайдан көбүрөөк кечирим суроо, албетте бул дүйнөдөн өткөндөргө арнап Куран окуу, ден соолугу начар адамдардан кабар алуу, кайыр-садака кылып кайрымдуулук иштерин жасоо ушул күндөргө таандык жакшы амалдар. Мындай жакшы амалдарды аткаруу менен момун-мусулмандардын күнөөлөрү азайып, сооптору көбөйөт.

Жалпы мусумандарга, Кыргызстан элибизге ыйык Курман айт күнүнүн урматында жакшылык каалаймын. Жараткан жерибизди, оору, кырсык-балээлерден алыс кылсын. Тынчтык, береке, ырыскы болсун. Курман айт майрамы бардыгыбызга маарек болсун.

Урматтоо менен, Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов.