Курман айтка карата Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан ажы Ибраевдин куттуктоосу

Урматтуу бир туугандарым, замандаштар, куттуу курман айтыбыз кут-береке алып келсин. Кимде-ким курмандык чалып, келечек турмуштун бейпилдиги үчүн, ата-бабаларынын жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн дуба-тилектерди кылып жатса тилектери кабыл болсун.

Бүгүнкү күндүн пайдасы, рахаты кандай экенин ар бир мусулман туйса керек. Себеби, курман айтта адамдар бири-бирин ыраазы кылып, кулк-мүнөздүн асылын көрсөтүп, мүмкүнчүлүгү барлар муктажарды таяп, тааныбаган деле адам менен бир туугандай мамиле кылынуучу салтанаттуу күн. Жүрөгүндө тырмактай ыйманы бар инсандар ниетин түздөп, өткөн-кеткен кемчиликтери үчүн кечирим тилеп, күнөөлөрдөн куткаруучу жалгыз Жараткан Алла Таала экенине шек-күмөнсүз ибадат кылып турган учуру.

Алла Таала ар дайым томуктай соопторубузду тоодой, тоодой күнөөлөрүбүздү ийненин тешигинен да кичирейтсин деп дуба кылалы. Курман айттын урматына биз Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн чалган курмандыктарыбыз үчүн Жараткан бизге көптөгөн жакшылыктарды тартууласын. Дүйнөдө, Мекенибизде жүрүп жаткан илдеттен тезирээк арылтып, жергебизге бейкутчулук берсин.

Ар бир мусулмандын дасторкону бүгүнкү курман айтка даярдангандай болуп, ар дайым жайылып турсун. Жаратканга болгон урматыбызды качан да болсо бүгүнкү күндөгүдөй күчөтөлү.
Ушул жылы ажылык кылып келген бир туугандарыбыздын бата-тилектери ишке ашсын. Сыркоолоп жаткан жакындарыбызга шыпаа келсин, капилеттен көзү өткөн шейиттерибизге бейишин берсин. Ар бир күнүбүздүн артынан жакшылыктын таңдары атсын. Ар бир үй-бүлөдө, ар бир жүрөктө тынччылык жашасын.

Дагы бир жолу курман айтыңыздар маарек болсун Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан Ибраев