Убайдулла ажы Сарыбаев: Ар бир кыйынчылыктын артынан жакшылык келет

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу агайын туугандар! Исламда эки  майрам бар. Алар Орозо айт жана Курман айт болуп саналат. Мына бүгүн ошол Курман айт майрамы жума күнгө туш келип турууда.

Сиздерди жеке өзүмдүн атымдан жана үй-бүлөмдүн атынан Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрамды өткөрүү натыйжасында бир гана жакшылыктар болот. Анткени бул майрам аркылуу элдердин жүзүнөн кайгы капа кетип, сүйүнүч кубанычка айланат. Азыркы учурда элибиз кыйын абалда тургандыктан, ар түрдүү кайрымдуулук иштери жүрүп жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Ал эми Курман айт майрамы кайрымдуулук иштердин атасы деп айтууга болот. Анткени бул күнү жалпы үйлөргө эт таратылып, көпчүлүктүн дубасын алуу насип кылат.

Элибизде тынчтык, аманчылык болуусун Кудайдан тилеп дуба кылабыз. Жакшылыктан үмүт үзбөй сабыр кылыңыздар. Ар бир кыйынчылыктын артынан жакшылык келет. 

Сиздерди терең урматтоо менен, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев