Ысык-Көл облусунун казысынын Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Ысык-Көл облусунун казысынын Курман айт майрамына карата куттуктоосуАссаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокатуху,

Урматтуу мусулман биртуугандар, жалпыңыздарды бүгүнкү 31-июль ыйык Курман айт майрамыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!Исламдын белгилерин дин жөрөлгөлөрүн урматтоо жана даңазалоо ыймандын белгиси болуп саналат.

Бул иш менен Ислам дини бекемделип, ыйман күч алат. Зайд бин Аркамдан (р.а) риваят: “Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) “Курмандык деген эмне”-деп сурашканда: “Ал, Ибрахим а.с. калган сүннөт” –деп жооп берди. Кийин: “Бизге кандай сооп бар”-деп сурашканда: “Курмандыктын ар бир тал кылы үчүн бирден жакшылык, сооп берилет”-деди. (Ахмад, Ибн Маажа) Бүгүн Алла Таала баардыгыбызга ыйык Курман айт күнүн насип этип, убада кылган соопторуна ээ болушка насип кылсын.

Бул күн жалпы мусулмандардын сүйүнүчү. Үй-бүлө, бир туугандар, дос-тааныш, кошуналар менен жакшы маанайда бири-бирине жакшылык каалап, белек тартуулай турган күн. Андыктан келиңиздер ыйык майрамды майрамдык маанай менен Алла Таалага шүгүр кылып өткөрөлү. Аллах Таала Курани Каримдин “Кавсар” сүрөсүндө өзүнүн элчисине өкүм берген: “Аллахтын атына, Аллах үчүн намаз оку жана Аллах үчүн (мал союп) курбанчылык кыл”.

Алла Таала эмнени убада кылган болсо, баардыгыбызга насип кылсын. Элибизде токчулук, жерибизге кененчилик болсун. Ар кандай кырсык-апааттардан Алла Таала алыс кылып, бакубат жашоо берип, ар бирибиздин жүрөгүбүздү ыйман нуру менен нурласын.

Баардыгыныздарды терен урматтоо менен, Ысык-Көл облустук Мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков жана казыят жамааты