Эрназар ажы Асатов: Курман айтта дубалар кабыл болуучу күн

Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ассаламу алейкум урматтуу момун мусулман бир туугандар! Курбан айтыңыздар маарек болсун!

Аллах Таала ар бир момундун жүрөгүндөгү нерселерди көрүп, билип туруучу! Кылган ибадаттарыбыз, чалган курбандыктарыбызды Аллахым өзү кабыл кылган болсун! Курбан айтта дуалар кабыл боло турган учурлар абдан көп, ошондуктан бул үч күндү дуба кылуу жана Аллахтан кечирим суроо менен өткөрөлү. Анткени мусулмандын эң чоң куралы- анын дуасы болуп эсептелет.

Аны менен катар бардык жакындарыбызды, туугандарыбызды куттуктоо, зыярат кылып ал абалын суроо жок дегенде телефон аркылуу болсо да көңүлүн алуу бул эң сооптуу иштерден. Ошондуктан дуа кылалы, Аллахтан жакшылык ырайым тилейли.