Самидин кары Атабаев: Курбандык – Бул жөн гана мал-жандыкты союу эмес, бизди Жараткандан алыс кылууга камынган жаман сапаттардан оолак болуу

Ассалааму алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатух! Урматтуу мекендештер, кымбаттуу мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Сиздерди ыйык, берекелүү, мусулмандардандардын башын бириктирип турган, элибизге кут тартууулаган Курбан айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Бул күндөрдө дубалар кабыл болот. Жараткан Алланын ыраазычылыгы үчүн курбандыктар союлуп, жалпы момун-мусулмандар дуба кылышат. Бул күнү — жакын туугандар, колунда жок үй-бүлөлөр эттин даамын татып, карым-катнаштар арттырылат. Курбандык – Бул жөн гана мал-жандыкты союу эмес, бизди Жараткандан алыс кылууга камынган жаман сапаттардан оолак болуу. Тактап айтканда напсибизди курбандык кылуу. Сүйүүбүздүн мал-мүлккө эмес, Жараткан Аллага экенин далилдөө. Бул күнү — жалпы момундар курбандык чалып, өздөрүн Аллага жакындаткан учур. Мындай учурда тилектер арууланып, дубалар кабыл болот.

Жараткан Аллах үй-бүлөңүздөргө тынчтык, береке, тартуулаган болсун. Чалган Курбандыктарыңызды Аллахым кабыл кылсын. Бүткүл дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстанда болуп жаткан таажы ылааңы илдетинен тез арада арылууну насип кылсын. Пандемияда өлүм менен алышып, өз өмүрүн тобекелге салган ак халатчандарыбызга, жалпы эле бул жаатта кызмат көрсөтүп келе жаткан бир туугандарыбызга, өзү узактарда болсо да мекени үчүн күйүп, жардам көрсөткөн чет мамлекетте иштеген эр азаматтарга ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарды Курбан айт майрамы менен чын жүрктөн куттуктаймын!

Айтыңыздар маарек болсун!