Ысык-Көл облустук казыят тарабынан курмандык чалынып, эти элге таратылды

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана Каракол шаардык мэриясы менен биргеликте кечээ, 31-июлда курмандык чалды.

Курман Айттын урматына союлган курмандыктын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жетимдер үйүнө, медицина кызматкерлерине, ошондой эле учурдагы кырдаалга байланыштуу кызмат көрсөтүп жаткан ыктыярчыларга  жардам катарында таратылды. 

 «Мындай иш-чараларды жылда уюштуруп келебиз. Курмандык чалуу албетте Аллах Таалага жакындоо, ыраазычылыгын алуу. Малдан кайыр садака кылып, бей-бечараларга, муктаждарга, тууган-туушкандарга таратуу Ибрахим а.в.с калган сүннөт». Андыктан учурдан пайдаланып элибизге, жерибизге аманчылык, тынчтык тилеп, оору-сыркоодон алыс бололу»,-деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.