Бишкек шаардык казыяты «Курбандык чалуу» иш-чарасын өткөрүп, 200 үй-бүлөгө эт таратты

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты кайрымдуу инсандар менен биргеликте шаардык Борбордук мечитте 31- июль күнү «Курбандык чалуу» иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарада шаардагы жардамга муктаж, колу жука, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жалпысынан калаа 200 үй-бүлөгө 600 кг эт таратылып берилди.

Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов эт алуу үчүн келген жарандарга кайрылуу жасап, аларды Курман айт майрамы менен куттуктап, кыргыз элине ак батасын берди.

«Курман айт күнү инсандын эң жакшы амалдарынын бири бул кан чыгарып, курмандык чалуу. Кудай Таалам бул күндөрү оору сыркоодон элибизди алыс кылып, ар кандай апаат балээлерден сактасын. Курмандык чалгандардын курмандыгы кабыл кылсын»,-деди Эрназар ажы.