Нарында Курман айтка карата курбандыктар чалынып, элге таратылып берилүүдө

Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан демөөрчүлөрдүн колдоосунда Курман айтка карата курбандыктар чалынууда.

Курбандык чалууга Нарын облусунун мусулмандар казыяты тарабынан 19 бодо мал союлду. Союлган малдын эттери​ Нарындагы мүмкүнчүлүгу чектелген адамдардын үй-бүлөлөрүнө, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, учурдагы кырдаалга байланыштуу оору менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине таркатылып берилүүдө

Нарын облусунун мусулмандар казыяты, райондор жана шаардык хатибияттар, айыл имамдары тарабынан мамлекет башчыларына, мамлекетибизде жашап жаткан элибиздин амандыгын, ооруп жаткан жарандарыбыздын тезирээк сакайып кетүүсү үчүн, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин ден соолугу үчүн бата тилек дубалар кылынды.

Мындан сырткары Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондоруна дагы курбандыктарды чалуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан, колунда бар берешен болгон демөөрчүлөр тарабынан акчалай каражаттар бөлүнүп берилди.

Акчалай каражаттар Ат-Башы районунун 11 айыл өкмөтүнө, ар бир айылга 10 миң сомдон, жалпы 110 миң сом;
Ак-Талаа районунун 13 айыл өкмөтүнө, ар бир айылга 10 миң сомдон, жалпы 130 миң сом;
Нарын районунун 15 айыл өкмөтүнө, ар бир айылга 10 миң сомдон, жалпы 150 миң сом;
Жумгал районунун 13 айыл өкмөтүнө, ар бир айылга 10 миң сомдон, жалпы 130 миң сом;
Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнө, ар бир айылга 10 миң сомдон, жалпы 110 миң сом;
Нарын шаардык хатибиятына 10 миң сом акча каражаттары бөлүнүп берилди.

Бөлүнүп берилген акча каражаттарына ар бир айыл өкмөтүндө айыл имамдары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте курбандыкка мал алынып, курбандыкка чалынып, анын эттери муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилүүдө.