Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Ассаламу алайкум  урматтуу мусулман бир туугандар!Жалпыңыздарды кирип келген  Улуу  курбан айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!  Сиздерге  чың ден соолук, узун өмүр,  бакубат турмуш  каалаймын!  Чексиз мактоолорго  татыктуу болгон Аллахым  ар бир кыргызтандык  мекендештерибиздин   тилеген тилектерин   кабыл кылып, чалган курмандыктарын текке кетирбесин.

Ылайым  ушул тилектерибиз кабыл болуп,   ооруп жаткан мекендештерибиз сакайып  арабызга кошулсун. Жана ушул жерде  окулуп жаткан  курандарыбыздын сооп неаматтары  таажы илдетинен каза болгон   бир  тууган боордошторубуздун  арбактарына жетип,  алардын жандары Жаннатта болушун тилеп Кудайдан көп дуба кылабыз.

 Ушул  курман айттын касиети, берекеси,  жакшылыгы менен   мамлекетибизде тынчтык, элибизде биримдик, ынтымак, жерибизде  өнүгүү  болсо экен.

Оо Аллахым   өзүң  берген дарттын шыпаасын  да өзүң бер.  Бизди ар кандай  асман менен жерден келүүчү апаат балээлерден корго, келерки  ушул  айт майрамына   чейин баарыбыз аман-эсен жетейли.

Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух! Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев.