Караколдо курмандык чалынып, эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, дарыгерлерге таратылып берилди

Ыйык Курман Айттын  урматына Каракол шаарынын «Иброхим Ажы» атындагы борбордук мечитинде “Ассанабил” кайрымдуулук фонду жана Каракол шаардык хатибиятынын биргелешүүсү менен 1 бодо жана 1 кой кумандыка союлуп, анын эти майыптарга, жалгыз бой энелерге, жардамга муктаж 70 үй-бүлөгө таратылып берилди.

«Бүгүн муктаж биртуугандарыбызга майрамдык маанай тартуулап, Ыйык курман Айттын пайда-пазилетин жеткирүүнү туура көрдүк. Аталган фонддун демөөрчүлүгү менен кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамга кол сунган биртуугандарыбызга колубуздан келген жардамдарыбызды көрсөтүп келебиз»,- деди Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков.  

Айта кетсек, учурдагы кырдаалдан улам шаар тургундарына медициналык жардам көрсөтүп, өз кызматтарын көрсөтүп жаткан ыктыярчыларга дагы жардам көрсөтүлдү.