Ош шаардык казыяты курмандыктын эттерин көзү азиздерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратты

Улуу Курман айт майрамы Ош шаарында дагы кайрымдуулук иш-чарасы менен уланды. Калаада жайгашкан көзү азиздер үйүнө жана муктаж үй-бүлөлөргө Ош шаарынын казыяты тарабынан курмандык чалынып, эти жеринде таратылып берилди.

Казы Убайдулла ажы Сарыбаев жардамга кол сунуп, курмандык чалган мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, жардамга муктаждарга жетишинче эт таратылганан билдирди.

«Ош шаарында курмандыка чалынган эттерди колу жука үй-бүлөлөгө, кары-картаңдарга жыл сайын таратып келебиз. Курмандык чалган бир туугандарыбызга Жараткан Алла Таалам кабыл кылсын»,-деди Убайдулла ажы.

Ош шаарында жалпы 78 мечит болсо анда дин кызматкерлери кайрымдуу инсандар менен биргеликте курмандык чалып, жергиликтүү элге таратып беришүүдө.