Ак-Сууда Маман айылынын жаштары имамга автоунаа белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын имамы Максат Тукубековго жергиликтүү айылдын жаштары чогулуп каражат топтоп, «AUDI C4» үлгүсүндөгү авто унааны белек кылышты. Бул тууралуу айыл тургуну Кангелди Жусупов билдирди.

Анын айтымында, унааны атайын Курман айт майрамынын урматына утурлай жаштар демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен имамга белек катары тартуу кылышкан.

“Биз айылдын жаштары буга чейин дагы кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамга муктаж биртуугандарыбызга, кары-картаңдарыбызга көмөк көрсөтүп, колубуздан келген жардамыбызды берип келебиз. Бүгүн, Ыйык Курман Айттын урматына деп, имамыбыз Максат Тукубековдун айылыбыз үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлака үндөп келгендигине ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик”,-деди Жусупов.

Максат Тукубековдун имамдык кызматты аркалап келе жатканына 5 жылдан ашты. Жаш 39 да диний жогорку билими бар. Өзүнүн жеке турак жайы жок болгондоктун үй-бүлөсү менен айылда батирде турат.